17:36, 02 июля 2018, 24.kg

Бишкекте «Nissan Murano» унаасы 33 жаштагы тургунду өлтүрө сүзүп кетти

Бишкекте «Nissan Murano» унаасы 33 жаштагы тургунду өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу каза болгон жарандын тууганы Нурбек Абдраимов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, тууганын Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен сүзүп кеткен.

«Окуянын күбөлөрү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жаткан дешүүдө. Кылмышка шектүү каршы тилкеге чыгып, тууганымды сүзүп алган. Ал ооруканага жеткирилип, бирок бир күндөн кийин каза болуп калды. Айдоочу окуя болгон жерден качып кетсе дагы, аны Бишкек ШИИБнын тергөө башкармалыгы кое беришкен», — деди Нурбек Абдраимов.

Бишкек шаардык жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы окуянын күнөөкөрүн ошол эле күнү кармашканын айтышууда. Алардын билдирүүсүнө караганда, айдоочу эч жакка качкан эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18