Замирбек Аскаров: Дарыгер жана мугалимдер жогорку баага батир сатып ала албайт
Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу сатылып алынып жаткан турак-жайдын чарчы метри 658 АКШ долларын түзөт. Бул тууралуу Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров мамлекеттик турак-жай программасынын маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кеңешмесинде айтты.
Айтымында, мындай баа турак-жайдын жеткиликтүүлүгү принцибине дал келбейт.
Кеңешмеде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 499 токтомуна ылайык, ар жыл сайын өзүнүн уставдык капиталынын өлчөмүн жөнөкөй энчилүү акцияларды эмиссиялоо жолу аркылуу 150 млн сомго жогорулатууга мүмкүндүгү бар экендиги аныкталды.