Былтыр 878 мамлекеттик ишкана өлкө бюджетине болгону 266 миллион сом алып келген
2017-жылы жалпысынан 878 мамлекеттик ишкана өлкө бюджетине болгону 266 миллион сом алып келген. Бул тууралуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын ишмердиги маселеси боюнча кеңешме өткөрүп жатканда маалым болду.
«Эгерде жеке компаниялар төмөнкү рентабелдүүлүк менен иштешсе, анда алар таратылат. Мамлекеттик компаниялардын шартында алар мамлекеттен маяна жана субсидияларды алууну улантышат», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө мамлекеттик мүлктү жана мамлекеттик активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери коомдо кыйла курч турат.
Премьер-министр 2014-жылдан 2017-жылга чейин мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун активдеринин рентабелдүүлүгү 7,76%дан 6,41%га чейин төмөндөгөнүн билдирди. Мындан тышкары иштеп жаткан 98 мамлекеттик ишкананын ичинен 23ү ишмердиги тууралуу отчетту таптакыр беришпейт.