14:30, 02 июля 2018, 24.kg

Арашан айылында жергиликтүү тургундар ичүүчү таза суусу жок калышты

Чүй облусуна караштуу Арашан айылында жергиликтүү тургундар ичүүчү таза суусу жок калышты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине жашоочулар билдиришти.

Алардын айтымында, айыл өкмөт башчысы айылдык кеңештин 5 депутаты менен үймө-үй кыдырып, суунун акысын төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны көрсөтүүнү талап кылышкан.

«Сууга болгон төлөмдөрдү убагында төлөп жүргөн тургундардын баары суусуз калышты. Биздин эч кандай карызыбыз жок, документтерибизди көрсөткөнбүз. Бирок, сууну токтотуп салышты», — дешти айылдыктар.

Алардын пикиринде, айыл өкмөтүнүн чечими мыйзамсыз.

Айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, карызы бар тургундарга гана таза суу берүү токтотулган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18