09:33, 02 июля 2018, 24.kg

Бишкек-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан эне-бала каза тапты

Бишкек—Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 21 жаштагы келин менен 1 жаштагы кызы каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү унаа менен «БМВ-525» унаасы сүзүшкөн.

«БМВ-525» унаасын Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкери К.К. башкарып келе жаткан. «Тойота Авенсистин» айдоочусу үйлөнүү үлпөт тойдон келе жатып жолдон уктап кеткен. Натыйжада ал экинчи унааны сүзүп токтогон. Кырсыкта 1 жаштагы наристе дароо каза болду. 21 жаштагы келин ооруканага жетпей жан берген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18