09:05, 02 июля 2018, 24.kg

Тартип сакчысы сууга агып бара жаткан өспүрүм кызды сактап калды

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда тартип сакчысы сууга агып бара жаткан өспүрүм кызды сактап калды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБга жашоодон тажаган кыз өзүн сууга таштай турганын айткан. Милициянын капитаны Нурланбек Бегалиев Таштөбө айылында сууга агып бараткан кызды аман алып калды.

Кошумчалай кетсек, өз өмүрүнө кол салган кыз быйыл мектепти аяктаган. Анын ата-энеси Орусияда жүргөндүктөн учурда таенесинин колунда тарбияланып жаткан. Азыркы тапта өспүрүм кыздын ден соолугу жакшы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18