Муратбек Тунгишбаев Казакстанда эки айга камалды
Кыргызстан Казакстанга өткөрүп берген активист жана блогер Муратбек Тунгышбаев тергөө аяктаганга чейин эки ай камакта болот. Бул тууралуу анын адвокаты Гүлнара Жуаспаева билдирди.
Анын айтымында, Муратбек Тунгышбаев учурда Алматыдагы Си-18 тергөө абагында камакта. Адвокат активист менен дүйшөмбү күнү жолугууну пландап жатат.
Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Астана аны бул өлкөдө тыюу салынган, бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязовдун «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын колдойт деп эсептейт.
Буга чейин «Human Rights Watch» (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлигин казакстандык жарандык активист Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрбөөгө чакырган.