Казакстан виза берүү тартибин жеңилдетүүдө
Астана чет өлкөлүктөргө виза берүү тартиптерин жеңилдетүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.
«Казакстанга келе турган чет өлкөлүктөргө чакыруу берүү мөөнөтү кыскартылды. Эми чакыруу — виза ала турган адамдын Казакстанга келээрине беш иш күн калгандан кеч эмес берилиши керек. Буга чейинки мөөнөт 14 күндү түзчү», — деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.
Маалыматка караганда, эрежелерге киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөр 1-июлдан тарта күчүнө кирет.
Мекемеден белгилешкендей, визасы бар чет өлкөлүктөр миграция органдарына каттоого туруудан бошотулат. Анткени алардын жашай турган жана жүрө турган жерлери чакыруу кагаздарында жазылуу болот.