Өкмөт бизнести текшерүүгө 2 жылдык мораторий киргизүү ниетинде
Өкмөт ишкер субъектилерди текшерүүгө 2 жылдык мораторий жарыялады. Бул мезгил аралыгында айыппулдар да жокко чыгарылат. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында билдирди.
Жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт бизнес менен мамлекеттик органдардын байланышын жокко чыгаруу ниетинде экенин билдирди. Анын айтымында, бизнес үчүн мамлекеттик кызматтар интернет аркылуу аралыктан жүргүзүлөт.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков бизнести негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылган.
2017-жылы январда Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда өлкөнүн бул багыттагы рейтингин жакшыртуу боюнча атайын жыйын өткөргөн.