14:07, 29 июня 2018, 24.kg

«Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышаарга теңи жок» аттуу айтыш сынагы өтөт

Акын Жеңижөк Көкө уулунун элесине арналган «Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышаарга теңи жок» аттуу республикалык айтыш сынагы өтөт. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди.

Анын айтымында, иш чарага аймактардагы каалаган акындар катышат алат.

«Акындардын ырларынын көркөмдүүлүгү, төкмөлүк шыгы, тапкычтыгы, аткаруучулук чеберчилиги, сахна маданиятына көңүл бурулат. Сынактын байге фонду 500 миң сомду түзөт», — деди Асылбек Маратов.

Сынак Аксы районунун Кара-Суу айылында 14-15-июль күндөрү өтөт. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18