10:53, 29 июня 2018, 24.kg

Таластагы митинг. Алтын казуу иштери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Акназаров айылынын тургундарына Үрмарал капчыгайынан алтын казуу иштери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу өндүрүш, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган комитеттин өкүлдөрү, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттиктин кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тургундарга «Полюс Голд Кей Джи» ЖЧКнын алтын казып иштетүүгө лицензиясы бар экендигин айтышты.

Маалым болгондой, мындан бир канча күн мурун аталган компания алтын аралашкан топуракты иштетүүгө лицензия алышкан.

Тургундар экологияга зыян алып келет деп митингге чыгышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18