Мурат Тунгишбаев Алматыдагы убактылуу кармоочу жайына алынып келинди
Казакстандык блогер Мурат Тунгишбаев Алматынын ички иштер департаментинин убактылуу кармоочу жайына алынып келинди. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, блогерди 26-июнда өткөрүп беришкен.
Эске салсак, Мурат Тунгишбаевди Октябрь райондук сотунун чечими менен коңшу мамлекетке экстрадиция кылышты.