09:16, 29 июня 2018, 24.kg

Ташкенттеги Бодомзор йули атындагы көчөгө Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылат

Ташкенттеги Юнусабад районундагы Бодомзор йули атындагы көчөгө Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгарууну сунуштап жатышат. Бул тууралуу нормативдик-укуктук актыларды талкуулоо боюнча порталы жазып чыкты.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Ташкенттеги көчөлөрдүн бирине залкар жазуучунун ысымын берүү тууралуу токтомго кол койгон.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөнүн алкагында «Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан» аттуу эскерме китеп басып чыгаруу пландалууда. Мындан башка жазуучунун чыгармаларынын негизинде жаңы спектакль коюу, даректүү жана көркөм тасма тартуу иштери жүргүзүлөт.

Ташкент облусунун Паркент районундагы № 33 мектепте жазуучунун бюсту орнотулат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18