Сулуулук сынагын жеңген кыздан бейтааныш 3 кыз опузалап акча талап кылышкан
Жалал-Абадда сулуулук сынагын жеңген кыздан бейтааныш 3 кыз опузалап акча талап кылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Сузак районунун М.Г. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 17-июнда Тазагүл аттуу кыз 2 шериги менен 17 жаштагы сиңдисин уруп, зомбулук көрсөтүшкөнүн айткан.
«Кыздар эч себепсиз Жасминадан 6 миң сом талап кылышкан. Тазагүл аттуу айым сулуулук салонунда иштейт, аларга тиешелүү чара көрүлүүсүн суранам», — деп жазган арыз ээси.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Тазагүл аттуу кыздын буга чейин сот жообуна тартылгандыгы маалым болду. 26-июнда жабырлануучу кыздан кылмышка шектүү 5 миң сом акча алып жаткан учурда кармалды.