Дональд Трамп менен Владимир Путин кийинки айда Хельсинкиде жолугат
АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин 16-июлда Финляндиянын борбору Хельсинкиде жолуга турганын «Рейтер» агенттиги Кремлдеги булактарына таянып кабарлады.
Кремлден эки лидер АКШ менен Орусиянын кызматташтыгынын азыркы абалын жана келечегин, андан тышкары эл аралык проблемаларды талкуулай турганын билдиришкен.
Саммит макулдашылганы 27-июнда Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун Кремлдеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин айтылган.