18:05, 28 июня 2018, 24.kg

Жогорку Кеңештин мурдакы жана азыркы чакырылышынын депутаттары соттошот

Жогорку Кеңештин «Республика Ата-Журт» фракциясынын депутаты Сагындык Келдибаев экс-депутат Ыргал Кадыралиеваны сотко берди. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК билдирет.

Сагындык Келдибаев Кадыралиеванын үстүнөн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна арыз жазып, «ар-намыс жана кадыр-баркына шек келтиргени үчүн 7 млн сом талабын канааттандырып берүүнү» суранды.

20-июнда Кадыралиева Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, «Келдибаевдин кош жарандыгы бар жана ал бүгүнкү күнгө чейин Орусиянын жараны» деп билдирген жана Орусия аймагында ага тиешелүү бир нече фирма бар экенин айткан.

Келдибаев ушул жылдын 25-апрелинде ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18