17:47, 28 июня 2018, 24.kg

Орусия сириялыктарга башпаанек берүүдөн баш тартты

Сот «Сирияда аскердик тирешүү жок, контртеррордук операциялардын гана белгилери бар» деген аныктама чыгарган. Демек доо арыз жазгандар жеке куугунтук жана адамгерчиликсиз мамиле тууралуу кооптонбой эле койсо болот, деп жазды «Коммерсант».

Жогорку соттун аныктамасында Сириянын калктуу конуштарынын көпчүлүк бөлүгү ок атышпоо режимине кошулганы, өлкөдө гуманитардык акциялар өтүп, медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы, Сирия менен авиациялык байланыш бар экени белгиленген.

БУУнун маалыматы боюнча Сириядагы кризиске байланыштуу 6,3 миллион киши көчүп жүрүүгө аргасыз болгон. Дээрлик төрт миллион адам коңшу өлкөлөрдөн башпаанек алган. 4,53 миллион киши гуманитардык жардамга муктаж. Орусия Сириядагы аскердик операцияларга 2015-жылдан бери катышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18