17:38, 28 июня 2018, 24.kg

Чарчашты. Парламент эки айлык эс алууга таркады

Жогорку Кеңеш 2017-2018-жылдагы сессиясы бүгүн жыйынтыкталды. Депутаттар отурумун гимн менен жаап, жайкы эки айлык эс алууга жөнөштү. Эл өкүлдөрү 1-сентябрда гана жумушка чыгат.

Парламенттин жылдык ишин эртең төрага Дастан Жумабеков атайын маалымат жыйында жыйынтыктайт.

Жыл ичинде парламент президенттик шайлоону (Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабанов президенттикке ат салышты), эки өкмөттү (Сапар Исаков менен Мухаммедкалый Абылгазиев) дайындады.

Көпчүлүк коалиция бир нече соккуларга карабай өзгөрүүсүз калды. Жаз ортосунда парламентте ири өзгөрүүлөр болуп, мурда «кеме сыртында» калган «Ата-Мекен» фракциясы эки маанилүү комитеттерди жетектөөнү колго алды.

Бул жылы «Кыргызстан» фракциясынын эки депутаты (Жыргалбек Калмаматов, Нурлан Кыдыкеев) көз жумду.

Эки фракция лидери (мурдакы депутат Өмүрбек Бабанов жана Канат Исаев) жана эки депутатына каршы иш козголуп (Осмонбек Артыкбаев, мурдакы депутат Дамирбек Асылбек уулу) камоодо.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18