17:26, 28 июня 2018, 24.kg

Кош жарандыгы бар деп айып тагылган депутат соттошуу ниетин билдирди

Кош жарандыгы бар деп айып тагылган «Республика -Ата Журт» фракциясынын депутаты Сагындык Келдибаев соттошуу ниетинде. 

Ал мурунку депутат Ыргал Кадыралиеваны койгон айыбы үчүн сотко берип, 7 миллион сом төлөп берүүсүн талап кылууда.

Кадыр баркын жана беделин коргоо боюнча арызды Ленин райондук соту карайт. Аталган иш качан карала турганы азырынча белгисиз.

Эске салсак, 20-июнда депутат Ыргал Кадыралиева маалымат жыйынында депутат Сагындык Келдибаевдин кош жарандыгы бар деп айтып чыккан. Анын билдирүүсүнө караганда, депутат азыркыга чейин Орусиянын жараны катары каттоодо турат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18