17:20, 28 июня 2018, 24.kg

Өкмөт Кыргызстанды эл аралык рейтингде 50 мыкты өлкөнүн катарына кошот

Өкмөт Кыргызстанды эл аралык рейтингде 50 мыкты өлкөнүн катарына кошот. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялык кеңешмеде билдирди.

Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасында белгиленгендей, жакынкы беш жылдыктын ичинде инвестициялык саясат мамлекеттик саясаттын жалпы экономикалык бөлүгүн түзөт.

«Жакынкы беш жылдыкта ар бир облуска жылына инвестициялануучу каражаттардын көлөмү — эң аз дегенде 300 млн долларга жетиши керек. 2022-жылга карата «Бизнести жүргүзүү» (Doing Business) эл аралык рейтингинде Кыргызстан 50 мыкты өлкөнүн катарына киргизүү үчүн чараларды көрүү зарыл», — деди өкмөт башчы.

Андан тышкары, 2023-жылга карата орто жана чакан ишкердиктин ички дүң продукциянын түзүмүндөгү үлүшүн 50 пайызга жеткирүү аракети көрүлөт.

«Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө чакан жана орто ишкердиктин субъекттери болгон чакан жана орто бизнес рыноктун абдан мобилдүү субъекттеринин бири болуп эсептелет. Ал өнүгүү шарттарынын өзгөрүүлөрүнө ыкчам чара көрө алат», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18