13:41, 28 июня 2018, 24.kg

Депутаттарды күттүрүп койду. Аткаминер 40 мүнөт кечигип келген

КР ТИМдин башчысынын орун басарын аткаминерлер 40 мүнөт күтүшкөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев айтып берди.

Анын айтымында, Орусиянын элчилигинде расмий иш чара болуп жаткан. Ага депутаттар менен министрлер дагы чакырылган.

«Биз тышкы иштер министринин бир орун басарын 40 мүнөт күттүк. Орусиянын негизги стартегиялык өнөктөш экендигин дайыма айтып келебиз. Биз күткөн аткаминер кечигип келип кагазга жазылган сөздөрдү окуп койду. Муну менен мамлекеттик маданиятыбызды көрсөтүп койдук», —деди Аалы Карашев.

Ал билдиргендей, мындай чоң иш чараларга кечигип жүргөн аткаминерлерди эмес, вице-премьер-министрлерди жиберүү керек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18