11:20, 28 июня 2018, 24.kg

Сокулук районунда үйлөрдү тоноп жүргөнгө шектүүлөр кармалды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда үйлөрдү тоноп жүргөнгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сокулук РИИБга Селекция айылынын 46 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал ушул жылдын май айында белгисиз бирөөлөр үйүнөн 120 миң сомун, телефонун жана 25 миң сомдук зер буюмдарын уурдап кеткенин билдирген.

Ушул эле айылдын дагы бир тургуну 48 миң 500 долларын, 2 миллион сомдон ашуун акчасын жана алтын буюмдарын алдырып жибергенин айткан.

Аталган окуяга шектүү катары Кара-Балта шаарынын И.С. аттуу тургуну кармалды. Ал буга чейин бир канча жолу соттолгондугу аныкталды. Анын жанынан уурдалган 54 миң сом жана 100 доллар табылды.

Тоноого катыштыгы бар делип дагы бир жарандын өздүгү такталды. Анын үйүн тинтүү маалында уурдалган 10 миң доллар жана ок атуучу курал табылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18