10:40, 28 июня 2018, 24.kg

Казакстанга аткезчилик жолу менен ташылып бараткан тамеки продукциясын табышты

Казакстанга аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан 500 миң сомдук тамеки продукциясы кармалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти. 

Photo 77973

Маалыматка караганда, тамеки продукциясынын акциздик маркасы жок болуп чыкты.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери «Акжол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда «МАН» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотушкан. Унааны казакстандык жаран башкарып бара жаткан.

«Айдоочу унаанын ичинде ар кандай товар бар экенин айтты. Текшерүү маалында аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан тамеки табылды. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду», -деп билдиришти аталган кызматтан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18