Албек Ибраимов жолдордун курулушуна көз салып, кыдырып чыкты
Бишкектин мэри Албек Ибраимов жолдордун курулушуна көз салып, кыдырып чыкты.
Алгач Чүй проспектисинин Жаш Гвардия Бульвары менен Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгүн текшерди. Аталган жолго 2 катар асфальт төшөлүп, тосмолор алмаштырылган.
«Кийинки жумада Щербаков көчөсү ачылат. Ал жерде жумуштар дээрлик бүтүп калды. Учурда жарыктандыруу иштери жүрүп жатат», —деди мэр.