09:06, 28 июня 2018, 24.kg

Бишкек-Ош жолунда кырсыкта аман калган наристенин атасы табылды

Бишкек-Ош жолундагы кырсыкта аман калган наристенин атасы табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы билдирет.

Алардын маалыматында, 26-июнь күнү Токтогул районунда Чычкан дарыясына түшүп кетип уунанын набыт болгон жүргүнчүсүнүн жана анын жанынданы 1,5 жашар баласынын өздүгү аныкталды. Ал Ош облусунун Ноокат районунун Капчыгай айылынын 1987-жылы туулган М.З. аттуу тургуну. Ал эми баласынын аты Жуманазар.

«Аял жолдошу менен Токмок шаарында жашачу экен. Ноокатка туугандарына бара жаткан. Сөөгү жакындарына өткөрүп берилди» — дейт милиция.

Эскерте кетсек, кечээ Токтогул райондук милиция жол кырсыгында каза болгон аялдын өздүгүн аныктап, 1,5 жашар баласынын жакындарын табууга жардам сураган. Алар бара жаткан ууна 8 жүргүнчүсү менен Чычкан суусуна түшүп кеткен. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18