08:46, 28 июня 2018, 24.kg

Казакстан: Кыргызстандагы күйдүргү бизге коркунуч туудурбайт

Казакстандын Айыл-чарба министрлиги күйдүргүгө байланышкан Кыргызстандагы шектенүүлөр казакстандыктар үчүн коркунуч туудурбай турганын билдирди.

Министрликтин ветеринардык көзөмөл комитетинин төрагасы Арман Утегуловдун айтымында, учурда абал териштирилүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда күйдүргү жуктурган деген шек менен 11 киши ооруканага жаткырылды.

«Эч кандай коркунуч жок. Алгач булагын табуу керек, андан кийин гана чараларды көрүү керек», — деди комитет төрагасы.

25-июнда Базар-Коргон районунун тургуну медициналык жардам сурап кайрылгандан кийин күйдүргүнүн айрым белгилери менен ооруканага жаткырылган. Азыр ооруканада мал союуга катышкан 11 киши бар. Учурда тиешелүү лабораториялык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18