Муратбек Тунгишбаев Казакстанга өткөрүлүп берилди
Казакстандык блогер Мурат Тунгишбаев Казакстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов маалымдады.
Анын айтымында, казакстандык активист 26-июнда жөнөтүлдү.
Мурат Тунгишбаевди Бишкек шаарындагы № 1 тергөө абагынан УКМКнын кызматкерлери алып кеткени тууралуу 26-июндун кечинде маалым болгон.
25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгишбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдогон. Натыйжада аны Казакстанга экстрадициялоого жол ачылган.