Шымкент 2020-жылы КМШнын маданий борбору болот
2020-жылы Көз карандысыз өлкөлөр шериктештигинин маданий борбору Шымкент шаары болот. Бул тууралуу маалымат КМШнын аткаруу комитетинин расмий сайтына жарыяланды.
19-июнда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «Казакстан Республикасынын айрым административдик-аймактык маселелери жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Шымкент республикалык маанидеги шаар макамын алып, облустун административдик борбору Шымкенттен Түркестан шаарына көчүрүлгөн. Андан тышкары Түштүк-Казакстан облусунун аталышы Түркстан облусу деп өзгөртүлгөн.