10:24, 27 июня 2018, 24.kg

Президент: Кыргызстан өзгөрүүгө муктаж

Кыргызстан өзгөрүүгө муктаж. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Ал билдиргендей, өлкөдө жарандык тынчтык жана саясий туруктуулук орун алды.

«Эл аралык маанидеги стратегиялык жолдордун курулушу уланууда. Экспорттун көлөмү көбөйүп жатат. Сот адилеттүүлүгүн орнотуу боюнча иштер жүрүүдө. Бирок, бул жетишкендиктерге карабастан тез арада чечим кабыл ала турган көп тапшырмалар чогулуп калды», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Анын пикиринде, региондор арасында экономикалык байланышты бир калыпка салуу керек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18