Мурат Тунгишбаев № 1 тергөө абагынан чыгарылды, бирок дайынсыз болууда
Казакстандык блогер Мурат Тунгишбаев № 1 тергөө абагынан чыгарылды, бирок дайынсыз болууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине активист Адиль Турдукулов билдирди.
«Бизге келген маалымат боюнча казакстандык активистти ЖАМКтын кызматкерлери эмес УКМК чыгарып кетиптир. Аны тергөө абагына алып кетиштиби же Казакстанга өткөрүп бериштиби белгисиз», -деди Адиль Турдукулов.
Буга чейин блогер өзүн № 47 тергөө абагына которууну суранган.