Казакстанда киберспорт расмий түрдө таанылды
Казакстан Дене тарбия жана спорт иштери комитети өлкөдө киберспорт расмий түрдө спорттун түрү катары таанылганын маалымдады.
«25-июнда Маданият жана спорт министрлиги биздин федерациянын арызынын негизинде киберспортту расмий түрдө спорттун түрү катары тааныды. Муну менен киберспорттун бардык сүйүүчүлөрүн куттуктайм», — деп жазды Казак киберспорт федерациясынын президенти Куанышбек Есекеев Фейсбуктагы баракчасына.
Киберспортту олимпиадалык спорттун түрү катары таануу маселеси Эл аралык олимпиадалык комитетте каралууда.