Казакстандагы темир жол кырсыгынын башкы себеби катары жолдордун абалы каралууда
Жамбыл облусундагы темир жол кырсыгынын болжолдуу себеби катары «жолдордун абалы» каралууда. Бул тууралуу өкмөттүн 26-июндагы жыйынынан кийин журналисттерге өлкөнүн Инвестициялар жана өнүгүү министри Женис Касымбек билдирди.
«Негизги версия — жолдордун абалы. Жазында жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин сапаты, ар жылкы текшерүүлөр жана жолдордун каралышы боюнча суроолор бар», — деди Женис Касымбек.
Учурда атайын түзүлгөн комиссия бул боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.