Соттордун «кара тизмеси» түзүлөт
Жарандык коом өкүлдөрү мыйзамсыз чечим чыгарган соттордун атайын реестрин түзөт. Бул тууралуу казакстандык активист Муратбек Тунгышбаевдин Казакстанга өткөрүлүшү боюнча талкуунун жүрүшүндө жарандык активист Рита Карасартова билдирди.
Анын айтымында, Октябрь райондук соту Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо боюнча чечимди мыйзамдарды одоно бузуу менен сот адилеттигин көзгө илбей чыгарды.
25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдоду. Ошону менен башкы көзөмөл органынын чечимин жокко чыгаруу боюнча адвокат Нурбек Токтакуновдун арызы четке кагылды.
Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Ал ушул тапта Бишкектеги № 1 тергөө абагында отурат.