12:07, 26 июня 2018, 24.kg

Ошто белгисиз бирөөлөр 3 тургунду сабап кетишти

Ош шаарындагы эс алуу борборлорунун биринде белгисиз бирөөлөр 3 тургунду сабап кетишти. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Петров көчөсүндө жайгашкан эс алуу борборлорунун биринде мушташ болуп жаткандыгы тууралуу кабар тараган. Оперативдүү тергөө тобу окуя болгон жерге барганда, жабырлануучулар белгисиз кишилер эч себепсиз токмоктошуп, из жашырып кетишкендиктерин айтышкан.

Билдирүүгө таянсак, ур-токмокко кабылгандардын экөөсүнүн жаак сөөктөрү сынып кеткен.

Кечээ аталган кылмышка шектүү катары эки жаран кармалды. Алардын бири Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган А.Б. жана Ош шаарынын 1993-жылы туулган Ж.Р. аттуу тургуну болуп чыкты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18