11:27, 26 июня 2018, 24.kg

Кыргызстанда кимдер президенттикке жана депутаттыкка талапкер боло албайт

Кыргызстанда кимдер президенттикке жана депутаттыкка талапкер боло албастыгы тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясын талкуулап жатып айтып берди.

Төрайымдын айтымында, президенттик кызматка жана Жогорку Кеңештин депутаттык мандатына оор кылмыш боюнча соттолгон жаран кийинки 10 жыл аралыгында талапкер боло албайт. Ошондой эле, өзгөчө оор кылмыш менен соттолуп чыккан жаранга 15 жыл өткүчөктү ат салышууга тыюу салынат. 

Нуржан Шайлдабекованын айтымында, аталган толуктоолор Шайлоо кодексине киргизилиши керек. Парламент 2019-жылдын акырына чейин шайлоо мыйзамдарына карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө толук топтомдорду кабыл алуусу зарыл.

Белгилей кетсек, 2020-жылы парламентке шайлоо өтөт. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18