Чүй ИИББнын өздүк курамына жаңы жетекчи дайындалды
Бүгүн ИИМдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметов Чүй ИИББнын өздүк курамына жаңы жетекчи, милициянын полковниги Самат Курманкуловду тааныштырды. Бул тууралуу Чүй ИИББсы билдирди.
Маалыматка караганда, жаңы жетекчи Чүй ИИББнын мурунку башчысы Нурлан Сарчаевдин ордуна келди.
Ал эми Чүй ИИББнын мурунку башчысы, орун басарлары жана облустагы бир канча тартип сакчылары Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу кызматтан четтетилишкен.