Жасалма ардагерлер. Генерал Нуридин Чомоев мамлекетке келтирилген чыгымды төлөдү
Пенсиясынын үстүнө кошумча акыны мыйзамсыз коштуруп алган генерал-майор Нуридин Чомоев мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп берди. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Аскер прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Коргоо министрлигинин башкы штабынын мурунку жетекчиси Нуридин Чомоевге карата козголгон кылмыш ишин иликтөө уланууда.
«Аскер кызматкерлеринин пенсияларына кошумча акыны мыйзамсыз кошкон мамлекеттик органдар дагы текшерүүгө алынды», — деп билдиришти Аскер прокуратурасынан.