Кылмышка шектүүлөрдү кармоого тоскоол болгон оорулардын тизмеси бекитилди
Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оорулардын тизмеси бекитилди. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Өкмөттүн маалыматында, чечим мыйзам астындагы актыларды Жазык-процесстик кодексинин жаңы редакциясынын талабына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.
Оорулардын тизмесин Саламаттык сактоо министрлиги менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын адистери иштеп чыгышты.
Андан тышкары, аң-сезими жабыркаган жарандар, дем алууга органдарындагы кан жүгүртүү, тамак сиңирүү, нерв оорууларына чалдыккандар дагы камактан бошотулат.
Бөйрөк оорусү өтүшүп кеткендерди дагы торго олтургузууга болбойт.
Аталган токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.