09:01, 26 июня 2018, 24.kg

Кылмыш дүйнөсүндөгү «Карышкыр» баңгизат менен кармалды

Кылмыш дүйнөсүндө «Карышкыр» деген каймана аты менен таанымал Мурсалым Умырзаков баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда жайгашкан Мурсалым Умырзаковдун үйүнөн жалпы салмагы 17 грамм баңгизаты табылды.

Учурда кылмышка шектүү эки айга камакка алынды.

Эске салсак, Мурсалым Умырзаков 1975-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. Ал Орусияда баңгизатын мыйзамсыз алып жүргөнүнө байланыштуу үч жылга соттолгон. Жаза мөөнөтүн жакында эле өтөп бүтүп, Кыргызстанга депортацияланган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18