1-июлдан тарта Казакстанда базалык пенсия өлчөмүн аныктоо тартиби өзгөрөт
1-июлдан тарта Казакстанда ар бир пенсионер үчүн базалык пенсия өлчөмү индивидуалдык түрдө аныктала баштайт. Учурда базалык пенсия эмгек стажына карабастан бардык улгайган адамдарга бирдей өлчөмдө төлөнүп берилүүдө.
Кийинки айдан баштап базалык пенсияны аныктоодо жарандын эмгек стажы негизги ролго чыгат. Бул тууралуу журналисттерге Казакстандын эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары Светлана Жакупова билдирди.
«Базалык пенсиянын өлчөмү жашоо минимумунун 54 пайызынан башталат. Бүгүн күндө ал бардык адамдар үчүн кепилденген. Эгер пенсионердин стажы 10 жылдан кем болсо, анда анын пенсиясы ошол эле жашоо минимумунун 54 пайызы болот. 10 жылдан кийинки ар бир жыл үчүн эки пайыздан кошулат», — деди министрдин орун басары.
Расмий статистикага ылайык, Казакстанда эки миллиондон ашык пенсионер бар. Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин эсеби боюнча, жашоо минимумунун 100% түзгөн базалык пенсияны өлкөдөгү пенсионерлердин 44% гана алат.