Куш тумоосу: Казакстан Орусиядан тоок этин алып кирүүгө тыюу салды
Куш тумоосунан улам Казакстан Орусиянын 36 тоок фабрикасынын азыктарын өлкөгө алып кирүүгө тыюу салды. Мындай маалымат Казакстандын Айыл-чарба министрлигинин сайтына жарыяланды.
«Буга байланыштуу азык-түлүк коопсуздугу тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында Айыл-чарба министрлиги 21-июндан тарта Казакстандын аймагына тирүү канаттууларды, алардын жумурткаларын, этин алып кирүүгө тыюу салды», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.
Куш тумоосун жуктурган канаттуулар тез арада жок кылынышы керек. Бул оорунун вирусу канаттуулардын өздөрүнөн тышкары адамдарга дагы жугат.