13:44, 25 июня 2018, 24.kg

ӨКМ: Өткөн сутка ичинде 4 киши сууга чөгүп каза болду

Өткөн сутка ичинде 4 киши сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 1976-жылы туулган С.А. аттуу кишинин сөөгүн алып чыгып, Свердлов РИИБнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун № 1 Кекилик пляжында 2002-жылы туулган Т у. Ы. аттуу жаран чөгүп кеткен. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин таап туугандарына өткөрүп беришти.

Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылынын Лазурный Берег пансионатында 1994-жылы туулган А.Т.Э. аттуу эркек киши чөгүп кеткен. Куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, маркумдун жансыз денеси РИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Кызыл-Алма айылынын тургуну 1972-жылы туулган Б. Т. аттуу жаран 21-июнь күнү агасынын үйүнөн чыгып кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес. Анын туугандары Нарын дарыясынын жээгинен издеп берүүнү суранышкан. Издөө иштерин жүргүзүүдө натыйжа болгон жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18