Мамлекеттик кызматкер журналистти унаасы менен сүзүп качып кетти
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери Kaktus.mediaнын журналисти Марат Уралиевди сүзүп качып кетти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын кесиптештери билдиришти.
«Ошол маалда инспектор четке чыгып, редакциянын корреспонденти болгон окуяны видеого тартып жаткан. Айдоочу инспектордун жоктугунан пайдаланып, газды катуу тээп качууга аракет кылган. Корреспондент четке качууга үлгөргөн, бирок унаа аны койдуруп кеткен», — деп билдиришти журналисттер.
Маалым болгондой, Марат Уралиев арыз менен тартип сакчыларына кайрылды.