11:01, 25 июня 2018, 24.kg

Парламенттин депутаттары комитеттин жыйынына чогула алышкан жок

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны кворум жок өтпөй калды.

Комитеттин 6 мүчөсүнөн болгону бирөө гана Алмасбек Акматов келди. Ал кесиптештеринин келбей калган себебин бошобой жаткандыктарына байланыштырды.

«Жайкы эс алуу алдында депутаттардын иши кызыйт. Мындан улам биз чогула албай калдык», —деди Алмасбек Акматов.

Эске салсак, кийинки жумадан тартып депутаттар 1-сентябрга чейин жайкы эс алууга тарашат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18