10:24, 25 июня 2018, 24.kg

Кыргызстанда 3 фитосанитардык лаборатория курууга каражат изделүүдө

Кыргызстанда 3 фитосанитардык лаборатория каражатка муктаж. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Өсүмдүктөрдүн карантини Департаментинин директору Аман Исаевдин айтымында, фитосанитардык лабораториялар Нарын, Жалал-Абад, Баткен облустарында Казакстан тараптан бөлүнгөн акча каражатына салынышы керек болчу. Бирок, келишим жокко чыгарылгандыктан 100 миллион доллар берилген эмес.

«Азыр биз бюджеттен акча издеп жатабыз. Орусия берген 1,2 миллион доллар Бишкектеги фитосанитардык лабораторияларды оңдоого кетти. Ал эми Ош лабораториясынын аймагында бир жер участогу бар, аны жабдыктар менен камсыз кылабыз. Берилген каражаттардын баарын короттук», — деди Аман Исаев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18