Режеп Тайип Эрдоган шайлоодо жеңишке жеткенин билдирди
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган бейрасмий жыйынтыктар боюнча биринчи айлампада эле жеңишке жетишкенин жана ал жетектеген «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясы парламенттик көпчүлүккө ээ болгонун билдирди.
«Калк мага президенттик жана аткаруу бийлиги үчүн жоопкерчиликти ишенип берди», -деди 64 жаштагы Режеп Эрдоган.
Түркиянын мамлекеттик ММКлары билдиргендей, добуштардын 94% ашууну саналгандан кийинки эсеп боюнча президент Режеп Тайип Эрдоган 52,86% менен алдыда.
Ал эми парламенттик шайлоодогу добуштардын 80%дан ашууну саналгандан кийинки эсеп боюнча Эрдогандын «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясы менен улутчул Улуттук кыймыл партиясы түзгөн «Элдик альянс» 43% менен алдыда.