08:44, 25 июня 2018, 24.kg

Тажикстанда суюлтулган газдын баасы кескин кымбаттады

Тажикстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташын Казакстанда баалардын жогорулашы менен түшүндүрүшүүдө.

Өлкөнүн монополияга каршы кызматынын өкүлү Носира Акмалзоданын айтымында, бир тонна экспорттолгон газдын баасы 384 доллардан 587 долларга чейин көтөрүлгөн. Тажикстанга суюлтулган газдын 70% Казакстандан келет.

Казакстанда 2018-жылдын башында суюлтулган мунай газынын дүң баасы жогорулап, ички рынокто тоннасы 34 319 теңгеден 38 701 теңгеге чейин көтөрүлгөн.

Ошол эле маалда Казакстан газга болгон ички дүң бааны мамлекет тарабынан жөнгө салууну жоюу маселесин кароодо. Учурда парламентте 2019-жылдан тарта газ рыногун либералдаштыруу боюнча мыйзам долбоору каралууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18