08:39, 25 июня 2018, 24.kg

Өзбекстандык туристтер Балыкчыга поезд менен келишти

Өзбекстандан «Ташкент-Балыкчы» каттамындагы поезд менен 150дөн ашуун эс алуучу Балыкчыга келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул поезд каттамы сегиз жылдан кийин биринчи жолу жанданды.

Буга чейин эки өлкө жетекчилери Өзбекстандагы ири ишканалардын жумушчуларын Ысык-Көлдө эс алдыруу боюнча макулдашкан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий мамиле оңолгону эки өлкөдө бири-бирине саякаттагандар көбөйдү. Быйыл жыл башынан бери Ташкент-Бишкек-Балыкчы поезд каттамын жүргүзүү макулдашылган. Аба каттамдары да көбөйүп, Ташкент-Тамчы учагы каттап жатат. Күн алыс Бишкек-Ташкент багытында автобус да жүрө баштады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18