18:02, 22 июня 2018, 24.kg

Кен байлык чыккан жерде кирешенин 2 пайызы аймакка жумшалышы керек

Кен байлык чыккан жерде кирешенин 2 пайызы аймакка жумшалышы керек. Бул тууралуу депутат Руслан Казакбаев «Республика — Ата Журт» парламенттик фракциясынын Нарын областында өткөн көчмө жыйында билдирди.

«Кен байлык чыккан жерде кирешенин 2%ы аймактын керектөөлөрүнө жумшалууга тийиш
Депутат Руслан Казакбаев Нарын областындагы райондордун акимдеринен региондорду өнүктүрүүнүн алкагындагы пландарын талап кылып, алардын аткарылышына көзөмөлдүктү күчөтүшүбүз керек», — дейт эл өкүлү.

Регионду өнүктүрүү жолдорун талкуулаган фракция жыйынында жергиликтүү эл мектеп, ФАП курулуштары, жол салуудагы көйгөйлөр менен көпүрөлөрдүн таландыга түшкөн абалын айтышты. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын багып олтурган энелердин оор турмушу да көз жаздымда калган жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18