16:25, 22 июня 2018, 24.kg

«Жүк-200». Орусияда каза тапкан кыргызстандык жарандын сөөгү алынып келинет

Орусиянын аймагында эмгектенип жүргөн кыргызстандык эки жаран каза болду. Бул тууралуу Москвадагы Кыргыз диаспорасынын төрагасынын орун басары Улан Кошматов билдирди.

Анын айтымына караганда, Москвада каза тапкан Баткен облусунун тургуну А.уулу А.нын сөөгү Москва—Ош каттамындагы «Жүк-200» учагы менен Кыргызстанга жеткирилди. Маалыматка ылайык, 27 жаштагы жаран уктаган бойдон ойгонбогону аныкталды.

Мындан тышкары Орусиянын Тула облусунда Чүй облусунун 1969-жылы туулган тургуну А.А. каза болду. Анын сөөгү бүгүн Москва—Бишкек каттамы боюнча алынып келинет.

Алдын ала алынган маалыматка таянсак, ал боор оорусу менен жабыркап жүргөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18